ТИМ Түркияда Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар алынып салынганын билдирди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар алынып салынганын билдирди.  

9-сентябрда Измир шаарында анын иши боюнча соттук отурум болуп өтүп, Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар алынып салынды.

Зарыл болгон процессуалдык жол-жоболор аяктагандан кийин аны бошотуу жана анн Кыргыз Республикасына кайтып келиши күтүлүүдө.

34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда, 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан кармалган.

Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жаткан. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.

Министрлик аталган маселени мындан ары да көзөмөлүндө кармап турат.

Сүрөттө: Эрмек Сабыржанов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты