Миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандарга айып салынды
- 2 месяца мурун
Миграциялык мыйзамдарды бузууга шектелип, 156 чет өлкөлүк жаран кармалды. Алардын арасынан 97сине административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
УКМК менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык, 97 административдик протокол түзүлгөн.
Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 млн 148,5 миң сомду түзгөн.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




