УКМК экс-депутат Конгантиев 15 млн долларлык турак жай жана объекттерди мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевдин кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берди.
Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон, Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча кылмыш ишиндеги коррупциялык факты боюнча мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев кызмат абалынан кыянат пайдаланууда күнөөлүү деп табылганын билдирди.
Тергөө Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жер тилкелерин бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү катары Кубанычбек Конгантиев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, өзүнүн жана аффилирленген адамдардын кызыкчылыгын көздөп, жер тилкелерин өзүнүн жакын адамдарына убактылуу пайдаланууга берүү чечимин демилгелеген.
Тергөө учурунда айыпталуучу Конгантиев күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, өз эрки менен мамлекеттин карамагына “Роял контракшн” компаниясынын курулуп жаткан объекттеринен базар баасы 15 млн АКШ долларына же 1 млрд 311 миллион 750 миң сомго бааланган 6500 чарчы метр турак жай жана коммерциялык объекттерди мамлекеттин пайдасына өткөрүп бергендиги айтылат.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы чечими менен кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 500 миң сом төлөп берүү чечими чыккан.
Сүрөттө: Кубанычбек Конгантиев. Интернет булактарынан




