«Уулуңду абактан чыгарып берем”. Ири суммадагы акча алдоого шектүү кармалды

  • 3 недели мурун

Ош шаарында 552 миң сомду алдоо жолу менен алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 28-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1983-жылы туулган Т. М. арыз менен Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 27-март- 21-май күндөрүнүн аралыгында арыз ээсинин ишенимине кирген «Умид» (өзгөртүлгөн аты Зубайр) аттуу жаран анын уулун кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 552 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.Бул акчаны «тиешелүү орган адамдарына беремин» деп алдаган.

Бирок кийинчерээк аталган жаран убада кылган ишти аткарбастан, акча каражатын өзүнүн жеке керектөөлөрүнө жумшап жибергендиги аныкталган.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө акча каражатын алган жаран Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган М.З. экендиги аныкталды.

Текшерүү учурунда анын мурда Россия аймагында каракчылык кылмышы үчүн соттолгондугу, ошондой эле алдамчылык фактылары боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы такталды.

Арыз ээси М. З. менен WhatsApp тиркемеси аркылуу жүргүзгөн кат алышууларын жана үн билдирүүлөрүн өз ыктыяры менен тергөө органдарына тапшырган. Аталган материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароодон өткөрүлүп, протоколдоштурулуп, иш үчүн маанилүү далил материалдар катары тиешелүү материалдарга тиркелген.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2026-жылдын 15-августунда М. З. аракеттерине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында М.З. кармалып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө улантылууда.

Сүрөттө: шектүү М.З.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты