Циркке Кыргызстандын кулуну, Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине жаңы директор дайындалды. 13-откябрда президент Садыр Жапаров жаңы директор Нурлан Конокбаевди кабыл алды.

Садыр Жапаров мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин баса белгиледи.

 Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.

Президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини колдоп, ага кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин натыйжалуу ишин жолго коюуну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана жанрлардын, өнөр көрсөтүүлөрдүн түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу цирк программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Буга чейин Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Асланайым Аширова болгон.

Сүрөттө: Нурлан Конокбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты