Автобус алты унааны сүзгөн жол кырсыгынан кийин Бишкек мэриясынын транспорт департамент директору бошотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев  кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бишкек шаарынын жол кайгуул кызматынын башкармалыгы билдиргендей, 15-октябрда болжол менен саат 20:30 да Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде бир нече унаа катышкан жол кырсыгы катталган. №38 каттамдагы автобустун  1985-жылы туулган  З.И.Н. аттуу айдоочусу «Киа K5», «БМВ X5», «Чанган», «Киа K7», «Тойота Камри» жана «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү 6 машинаны сүзгөн.

Жол кырсыгынан төрт киши жабыркап, алар медициналык жардам алууга кайрылышкан.  

Милициянын жол кайгуул кызматынын башкармалыгынын маалыматы боюнча коомдук транспорттун айдоочусу мас абалда болгону болжолдонууда.    

Бишкек мэриясы автобус катышуусундагы жол кырсыгы боюнча мэрия кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Сүрөттө: Улан Бейшенбаев. Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты