Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды
- 7 часов мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары барып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолугушту.
Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматта жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергендиги айтылат. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылары да белгиленди.
Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат.
Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү.
Ошондой эле айрым ишкерлер соода орундарын базардын мурдагы ээлеринен сатып алышканы белгиленди. Мындай ар бир кайрылуу укук коргоо органдарынын катышуусунда жекече каралат.
Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




