Ленин шайлоо округу: Шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 25ке жетти

  • 1 год мурун

28-майда өтүүчү Ленин бир мандаттуу шайлоо окургу боюнча парламенттин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Муктарбек Айткуловдон (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу,  Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков, Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбеков, Илимбек Аттокур уулу жана Акин Токталиевден арыз түшкөн. Булардын арасынан Нурлан Шапанов арызын кайра алган.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты