Кыргызстанга бир катар мамлекет башчылары жана премьер-министрлери келди

Бүгүн, 31-августта, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн бир катар мамлекеттердин башчылары жана премьер-министрлер Кыргызстанга келди. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан расмий тосуп алуу аземи өттү.    

Бүгүн, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Ирандын президенти Масуд Пезешкиани, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келген.

Алар Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине, ШКУ+ саммитине жана Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышат.

Ошондой эле Кыргызстанга Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш келген.

Бишкекте 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта ачылат

Иллюстрациялык сүрөт: Меймандарды тосуу аземинен. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты