АКШга виза талаптарын жеңилдетүүгө көңүл бурулду. Президент Жапаров АКШ өкүлү Сержио Горду кабыл алды

Бүгүн, 31-августта, президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индиядагы элчиси Сержио Горду кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө көңүл “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө “В5+1” платформасынын ролу белгиленди.

Ошондой эле Садыр Жапаров АКШга барууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурду.

Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык чечимдерди издөө, анын ичинде визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана тиешелүү чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Элчи Серджио Гор Мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты