Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух иш сапары менен келди
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Монголиянын Президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта ачылат
Сүрөт: gov.kg




