Кыргызстанга Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан келди

Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргыз Республикасына иш сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Вьетнамдын Вице-Президентине  Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты