Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Электрондук такта ишке киргизилет
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында 23-майда саат 19:0 да “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактаны ишке киргизүүгө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
“Оюндарга 100 күн калды” датасы — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучулар, коноктор жана туристтер үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эли үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат.
Бул дата дүйнөдөгү эң ири этномаданий жана этноспорттук долбоорлордун бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап келе жатканын айгинелейт.
Иш-чаранын алкагында борбор шаардын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрү боюнча оюндар, өнөктөштөр жана тематикалык аянтчалар уюштурулуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукциялары таратылат.
Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы, өнөктөштөр, ыктыярчылар, шаар тургундары жана коноктор катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Министрлик




