Кыргыз жана тажик тараптан төрттөн чек ара посту алынып салына турган болду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов кол коюлган протоколго ылайык, эки өлкөдөн тең төрттөн чек ара посту алынып салына турган болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.  

-Протоколдун негизги мааниси- бүгүнкү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болуп жаткан конфликтти токтотуу, мындан ары конфликтке жол бербөө максатында кол коюлган протокол болду. Ал протоколдун негизинде конфликтке негиз болгон үч чоң постту алып салдык. Биринчиси — тажик тараптан “Бидок” чек ара заставасы, Кыргызстан тараптан «Тамдык» чек ара заставасы толук бойдон алынып, консервация болуп, ал жерде аскер кызматкерлери дагы, жөнөкөй адамдар дагы болбой турган болду.

Экинчиси – кыргыз тараптан Булак-Башы, тажик тараптан “Көх” чек ара посттору, тажик тараптан  “Карачикхум”, кыргыз тараптан “Катта-Туз” посттору болук бойдон алынып, бир дагы аскер кызматкери жана жөнөкөй жарандар чыкпай турган болду. Андан сырткары кыргыз тараптан “Дача” посту, тажик тараптан “Шаршара” посту алына турган болду, -деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

               

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты