Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал: Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 27-январда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу бүгүн, 28-январда да улантылат.

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Жолугушууга Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү генерал-майор Х.Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй келишимдерге макулдашылды:

— ок атууну токтотуу; 

— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

— Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;

— чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Эки өлкөнүн делегациялары чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерлигине келишти. Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлаган.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь саат 00:28ге карата эки өлкөнүн аскерлери арасындагы кагылышуу Көчө-Бою жана Дахма аймактарында жүргөн.

Чек ара кызматы саат 23.00 карата тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларын көздөй маал-маалы менен ок атып жатышканын кабарлады. Көчө-Бою аймагында жайгашкан заставаны көздөй миномет менен аткан учурда кыргызстандык тургундун үйү өрттөнүп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги чек ара жаңжалында Кыргызстандын төрт аскери жарадар болгонун кабарлады. Акыркы маалыматтарда Кыргызстандан он адам жаракат алганы айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты