Чек ара жаңжалында Кыргызстандын төрт аскери жарадар болгону кабарланды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги чек ара жаңжалында Кыргызстандын төрт аскери жарадар болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта аларды Көк-Таш айылынан Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына эки «Тез жардам” унаасы менен алып баратышат. Жаракат алгандардын баарына жардыруучу заттын талкаланып, майдаланган бөлүктөрү тийген.

Министрлик жаракат алгандардын абалы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө тастыкталгандай,  Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жергесиндеги жол Тажик жарандары тарабынан бир тараптуу жабылган. 27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен.   

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты