Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну улантып жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну токтотуу тууралуу эки тараптуу макулдашууга карабастан кыргыз аскерлерин көздөй ок атууну улантып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 23:50дө аскерлер арасындагы ок атышуу 10 мүнөткө токтогон. Ок атышуу токтогон убакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын башчыларынын жана эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалган.

«Бирок тажик тарап ок атууну токтотуу тууралуу эки тараптуу макулдашууну бузуп, кыргыз аскерлерин көздөй ок атууну улантып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь саат 00:28ге карата эки өлкөнүн аскерлери арасындагы кагылышуу Көчө-Бою жана Дахма аймактарында жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты