Чек ара кызматы: Тажикстан ок атууну токтотпой, чек арага оор аскер техникаларын тартып жатат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тараптын демилгеси менен саат 22.18де УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы Раджабали Рахмонали ок атууну токтотуу тууралуу экинчи ирет телефондо сүйлөшүшкөнүн маалымдады.

Уларбек Шаршеев тажик тарап ок атууну токтопой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирген.

Чек ара кызматы саат 23.00 карата тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларын көздөй маал-маалы менен ок атып жатышканын кабарлады. Көчө-Бою аймагында жайгашкан заставаны көздөй миномет менен аткан учурда кыргызстандык тургундун үйү өрттөнүп кеткен.

Мындан тышкары маалыматта Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймагында ок атышуу уланып жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты