Кыргыз-тажик чек арасы: Кырдаал салыштырмалуу туруктуу

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы

21-сентябрь, саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү.

20-сентябрдан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дары, мина, снаряддардан жана башка жардыргыч заттарды табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты