ӨКМ: Баткен облусунда 24 миңден ашык адам эвакуацияланды

  • 2 года мурун

28-январда саат 13:00гө карата Баткен облусунун аймагында коомдук кырдаал туруктуу.  Облус боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.   

Облус боюнча кооптуу аймактагы жарандар убактылуу жайларга жана туугандарына жайгаштырылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кечээ, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 11 аскер адамы жаракат алган.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты