Кыргыз-тажик чек арасы: Дагы 28,37 чакырымы макулдашылды

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымы макулдашылды

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар Тажикстан аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

12-марттан 17-мартка чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10, 76 чакырымы такталды.

2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөн. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.

30-январдан 5-февралга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылган.

11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

Өткөн жылдын 8-декабрынан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты