Кыргыз-тажик чек арасы: 1,11 чакырымы макулдашылды

  • 2 месяца мурун

11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөн. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.

30-январдан 5-февралга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылган.

Өткөн жылдын 8-декабрынан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты