Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы: Дагы 38,35 чакырымы макулдашылды

  • 3 месяца мурун

2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  
 
«Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.  Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду» деп айтылат Министрлер кабинетинин маалыматында.

Буга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашылган. 

Сүрөт: gov,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты