“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечими кабыл алынды

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алынды.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынына ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун кароо киргизилген. 

Кароого киргизилген документ жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун баяндамасы угулуп, анда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ыйгарым укуктуу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатын көздөөрү белгиленди. 

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алынды.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Отурумдун соңунда МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу – мамлекеттин эң артыкчылыктуу иши экенин айтты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты