Кыргызстанда Интерполдун улуттук бюросу түзүлдү
- 15 часов мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстанда Интерполдун улуттук бюросунун түзүлгөндүгүнө байланыштуу Министрлер кабинети 19-октябрда атайын жобо бекитти.
Жобо Улуттук борбордук бюросунун укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
Бюро Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирип, түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. Бюродо сегиз киши иштейт, анын бири УКМК кызматкери болот.
Интерпол бул эл аралык криминалдык полиция. Анын штаб-квартирасы Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Ар бир өлкөдө Интерполдун улуттук бюросу иштейт. Кыргызстан Интерполго 1997-жылы кошулган, буга чейин ИИМдин ичинде улуттук Интерпол бюросу иштеп келген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




