Гипс буюмдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
Гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
“Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу, гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди” деп айтылат маалыматта.
Төмөнкү товарларга тыюу салынбайт: Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү, Министрлер кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




