Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты

Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Сүрөттө: Айзада Субакожоева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты