Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы: Топографиялык топтор 3,71 чакырым боюнча макулдашты

  • 4 месяца мурун

2024-жылдын 30-январынан 5-февралга чейин топографиялык жумушчу топтордун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында болуп өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. 

 Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстанда өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.  

 Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты