Кыргыз Республикасынын аскерин Казакстанга жөнөтүү жарлыгына кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстанга кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде Казакстан Республикасына тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Жогорку Кеңеш Казакстан аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 машине барарын билдирди.  

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин киришине каршы пикирлерин жазып жатышат. Бишкекте аскер киргизөөгө каршы пикет эки ирет өттү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик «контртеррористтик операция» жүргүзүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты