Россияда кара тумоо катталганына байланыштуу Кыргызстанда да көзөмөл күчөтүлдү  

Россияда кара тумоо (чума) дарты катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  

“Бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө.

Санитардык-карантиндик пункттар мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чараларды камсыз кылат” деп айтылат министрликтин маалыматында.

Иркутск облусунун Шелехов районунун ооруканасында 2-октябрда кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун лаборанты каза тапкан, анын өлүмүнүн себеби кара тумоо болушу ыктымалдыгын ЖМК жазууда.   Учурда 89 киши карантинде экени айтылууда.

The Sun гезитинин маалыматы боюнча, Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев массалык иш-чараларды токтоткон, бирок кара тумоо оорусу чыккандыгы тууралуу эл алдында ачык айткан эмес, өтө кооптуу жугуштуу дарт чыккандыгын гана белгилеген.    

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты