Камчыбек Ташиев: Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер  барат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, эгер парламент макулдугун берсе, Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 машине барарын билдирди.  

Камчыбек Ташиев Казакстанга барган аскер күчтөрү жарандарга ок атпай турганын, бирок жагдайга эч ким кепилдик бербесин, алар коргонууга  тийиш экенин билдирди.  

Маселе кызуу-талаш-тартышты туудургандан кийин жыйындын уландысын жабык өткөрүү чечими кабыл алынды. Парламент бүгүн Казакстанга бейпил аскер күчтөрүн киргизүүгө макулдук берүү маселесин чечиши керек.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат. Бишкекте буга каршы пикет эки ирет өттү.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты