Футбол: Кыргызстандын курама командасы Мальдив командасын 5:0 эсебинде утту
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
28-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын эл аралык даталары алкагында Мальдив Республикасынын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Беттешке Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Адылбек Касымалиев катышып, улуттук курама командага колдоо көрсөттү.
Жолдоштук беттеш 5:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Кыргызстандын улуттук курама командасы 4-октябрда Ливандын курама командасына каршы дагы бир беттеш өткөрөт.
Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги
Муну бөлүшүү




