Парламент Казакстанга аскер күчтөрүн жиберүүнү колдоду  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны ЖККУнун алкагында Кыргызстан Казакстанга бейпил аскер күчтөрүн жиберүүсү керек деп чечим кабыл алды. Буга 69 депутат макул болуп, жетөө каршы добуш берди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, эгер парламент макулдугун берсе, Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 машине барарын билдирген.  

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин киришине каршы пикирлерин жазып жатышат. Бишкекте аскер киргизөөгө каршы пикет эки ирет өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты