Бишкекте кыргыз аскерлерин Казакстанга жибербөөнү талап кылгандар пикетке чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандар бүгүн дагы пикетке чыгышты. Мындай пикет борбор шаарда кечээ, 6-январда да өткөн.

Нааразылык акциясына чыккандар “Кыргызстан баскынчы өлкө эмес!”, “ОДКБ Казакстандан колуңду тарт!”, “Кыргыз октор учпасын!”  деп жазып алышкан.

Нааразылык акциясына отуздай жаран чыккан.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргызстандан Казакстанга колдон келген колдоо болорун айткан.

Буга байланыштуу бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин караганы жатат.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты