“Клооп Медиа” Жогорку сотко кассациялык арыз берди

  • 2 месяца мурун

Көз карандысыз “Клооп Медиа” басылмасы Жогорку соттун соттор коллегиясына Бишкек шаардык сотунун 17-майдагы чечими боюнча кассациялык арыз берди.

Бул тууралуу “Клооп” сайтында билдирди.

Бишкек шаардык соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арызды караган жок.

Юрист Нурбек Сыдыковдун айтымында, шаардык сот арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенине шылтоо кылган. Ал эми аталган редакция арызды өз мөөнөтүндө эле берген, бирок арыз кайра кайтарылган. Сот  Юстиция министрлигине арызда дарек туура эмес көрсөтүлгөнүн айтышкан.

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.

2023-жылы 12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы өткөн жылы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Бишкек шаарынын административдик соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Клооп” сайтынан материалды алып салуу чечимин жана сайттын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан. Бул “Клооптун” орус тилиндеги версиясына тиешелүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты