Бишкек шаарынын административдик соту “Клооп” сайтын бөгөттөөнү туура эмес деп тапты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын административдик соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Клооп” сайтынан материалды алып салуу чечимин жана сайттын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапты.  

Бул “Клооптун” орус тилиндеги версиясына тиешелүү.

Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, эгер Бишкек шаардык соту да ушундай чечим кабыл алса, анда сайттын бөгөтү алынат.   

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

Сайтты бөгөттөөгө аталган материал негиз болгон.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын бөгөттөгөн.

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты