Райондук сот Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды

Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту саясатчы Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

—Мындай чечим чыгарарын мен күткөн эмесмин, бул кандайдыр бир нонсенс. Мындай өтө орой чечим болбош керек эле. Биз шаардык сотко кайрылабыз,-деди журналисттерге Мавлян Аскарбеков.  

28-сентябрда аталган райондук сотто саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурумда прокурор аны 4 жылга камакка алууну суранган.  

13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду камакка алуу чечимин чыгарган.

Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.

Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков  чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.

Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты