Бишкек шаардык соту “Клооп Медианы” жоюу боюнча аппеляциялык арызды караган жок

Бишкек шаардык соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арызды караган жок.

Бул тууралуу “Клооп Медиа” Телеграм-каналында билдирди.

Бишкек шаардык соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арызды караган жок.

Бул тууралуу “Клооп Медиа” Телеграм-каналында билдирди. Юрист Нурбек Сыдыковдун айтымында, шаардык сот арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенине шылтоо кылган. Ал эми аталган редакция арызды өз мөөнөтүндө эле берген, бирок арыз кайра кайтарылган. Сот  Юстиция министрлигине арызда дарек туура эмес көрсөтүлгөнүн айтышкан.

“Башкача айтканда бир сандан ката кеткен – Жаш Гвардия, 32 дегендин ордуна 39 болуп калган. Ал эми Жаш гвардия көчөсүндө бир гана юстиция министрлиги бар. “Клооптун” арызы кайра кайтарылгандан кийин, ошол эле замат арыз жазса дагы, шаардык сот аны канааттандырган эмес. Мурдагы кайрылуулар каралган эмес” деди адвокат.

Адвокат Сыдыков «Клооп» шаардык сот бул чечимге макул эместигин жана даттанарын кошумчалады.

Видео: «Клооп Медиа»

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.

2023-жылы 12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы өткөн жылы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Бишкек шаарынын административдик соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Клооп” сайтынан материалды алып салуу чечимин жана сайттын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан. Бул “Клооптун” орус тилиндеги версиясына тиешелүү.

Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, эгер Бишкек шаардык соту да ушундай чечим кабыл алса, анда сайттын бөгөтү алынат.   

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган. Сайтты бөгөттөөгө аталган материал негиз болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты