Кемпир-Абад иши: Орозайым Нарматовага сотто “Тез жардам” чакырылды (Видео)

Бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандардын бири – Жогорку Кеңештин экс-депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралмак. Бирок сотко алып келингенден кийин, сот баштала электе эле Орозайым Нарматова эси ооп, жыгылып калды. Ага “Тез жардам» чакырылды.

Бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча Асия Сасыкбаеванын, ошондой эле УКМКнын мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаев, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

26-декабрда ушул эле сотто Кемпир-Абад иши боюнча кармалган тогуз кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары дагы эки айга узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармап жатышат. Ачкачылык кармагандардын арасында Орозайым Нарматова да бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында “Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Сүрөт: Мурдагы сот процессинен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты