Кемпир-Абад иши: шаардык сот Дүйшөбаев, Кадыров жана Маматаевди дагы абакта калтырды

  • 1 год мурун
Кемпир-Абад иши: шаардык сот Дүйшөбаев, Кадыров жана Маматаевди дагы абакта калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантууда.

Саат 12:20га карата шаардык сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, саясатчылар Кубанычбек Кадыровдун жана Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечими күчүндө калтырды.

Бүгүн эрте менен аталган иш боюнча кармалган алты кишинини бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменов.

Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

26-декабрда ушул эле сотто Кемпир-Абад иши боюнча кармалган тогуз кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты