Президент Жапаров: “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен”

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад боюнча камалгандар жана Бишкектеги ыш көйгөйүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

-Биринчиден, «Кемпир-Абадды коргоо комитети» деп атап алгандардын жеткен акылы ошол болсо, башкасын айтпай эле коеюн. Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар.

Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Кемпир-Абадды бербей эле, тескерисинче, биз 50/50 пайыз менен башкарабыз деп кирип атабыз. Алып атабыз. Буга чейин 100 пайыз өзбек тарап ээлик кылып келген. Плотинага биз тараптан, адамдарды бул жакка коелу, чычкан жөргөлөп кире алчу эмес. Же калппы?

Биздин бир кемчилигибиз тээ башында эле ачык карабастан, жабык эшик артында карап келгенибиз болуптур. Анткени биздин пайдабызга чечилип жаткан иштерибиз бузулуп кетпесин деген элек. Ратификациядан өткөнгө чейин экинчи тарап айнып кетсе иш аягына чыкпай калат. Мындай укук эки тарапта тең болот. Кайра өзгөртөлү, биз тарап айныдык дегенге укуктарыбыз бар. Ошол себептен Жогорку Кеңешке ратификацияга келгенге чейин жабык эшик артында карап келдик. Муну түшүнүп туруп, түшүнгүсү келбегендер ушундан пайдаланып кетели дешти. «Мына көрдүңөрбү, жабык эшик артында карап жатышат, демек биздин пайдабызга чечилген жок» деп элди козутуп жатышты. Мындай козуткучтар түз эле түрмөгө барып түшүштү.

Ратификациядан өткөндөн кийин эч ким артка кайта албайт. Айныбайт. Мына азыр эми чек ара маселесине чекит коюлуп, күчүнө кирди. Биздин пайдабызга чечилгенин жалпы эл өз көздөрү менен көрүп, күбө болушту, -деди президент Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. 13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулун, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Таалайбек Мадаминовду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

13-декабрда сотко алынып келингендер сурак болбогонун, аларга мурда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылса, азыр ал “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканын айтышты.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калган.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Нурлан Асанбековдун үй камак мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты