Кемпир-Абад: абакта ачкачылык жарыялагандардын саны 19га жетти

  • 1 год мурун

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан 19 адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына Коопсуздук кеңешинин мурдагы катсычы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Конституциялык соттун мурдагы суьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, активисттер Перизат Суранова, Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминова, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев жана журналист Айданбек Акматов катышууда.

Алар ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча иш алып барган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу экенин билдиришкен.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга – 20-февралга чейин узартты. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган. Бул күндөрү жалпы 25 адамга карата чечим чыккан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты