Кемпир-Абад иши: Бекназаровду судья залдан чыгарып жиберди

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 20-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда судья Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Азимбек Бекназаровду президент Садыр Жапаровдун курултайда кемпирбадчылар боюнча пикирине өз оюн билдиргени үчүн сот залынан чыгарып жиберди.  

“Президент дүйнө жүзүнө “булар элчиден акча алган” деп жарыялады. Менин урук-тууганым, балдарым мени элчиден акча алган деп ойлоп калбайбы. Бул жерде президент муну оюнан чыгарып айтты же соттор бизге аны тааныштырган эмес. Болбосо биз акча алган эмеспиз. Тактап алышыбыз керек да. Бирок мага мындай айып угузулган эмес” деди Азимбек Бекназаров.

Судья Марат Сыдыков сот отурумун Бекназаровду чыгарып жибергенден кийин, башка катышуучулар менен улантты.

Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар президент Садыр Жапаровдун курултайда айткандары боюнча билдирүү жасады.

Алар өздөрүн айыптаган 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан чет өлкөлүк элчиликтен акча алды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Адвокат Кантемир Турдалиев президентке туура эмес маалымат жеткирилип, ыңгайсыз абалга калтырып коюшту деп билдирди. Асия Сасыкбаева Кемпир-Абад ишинде эч кандай башчы жок экенин жана кылмыш ишинде эч кандай элчилик, акча жөнүндө сөз болбогонун айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар президенттен “кемпирабадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылган кайрылууну 19-декабрда жарыялашкан.

16-декабрда экинчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан..

Сотко үй камагында жүргөн жана Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган бардык айыпталуучулар алынып келинди.  Ооруп жаткан Бектур Асанов да сот ишине алынып келинди. Ага ооруну сездирбөөчү ийне сайылган.

Кемпир-Абад окуясы боюнча камакта жаткандар Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун “Азаттык” үналгысынын “Бийлик сырлары” берүүсүндө соттун создугушунун себептери тууралуу айткандары боюнча жооп берген.

Анда Жогорку соттун төрагасы “Кемпирабадчылар” сотко келбей”, “камерадан чыкпай коюшуп, атайылап сот процессин созуп жатышат деп элге жалган маалымат таратты”   деп эсептешет Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандар.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

4-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келинген эмес. 

Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен.
18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот процессине үй камагындагы айыпталуучулар, адвокаттар гана келген, камакта жаткандар алынып келинген эмес. Айыптоочу тарап, айыпталуучулардын бардыгы сотко катышышы керек деген негизде, процессти улантууга болбой турганын билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты