Кемпир-Абад иши: Камактагылардын абак мөөнөтү узартылды

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кечээ, 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узартты.

Бул тууралуу абактагылардын адвокаттарынын бири — Кантемир Турдалиев билдирди.

4-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келинген эмес. Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен. Бул мыйзамга каршы келет. Мындан улам судьяга ишенбестик билдирилип, бирок өтүнүч кабыл алынган эмес.

4-октябрда Бишкек шаарында Биринчи май райондук сотунун алдында Кемпир-Абад иши боюнча башталар алдында бул маселеге байланыштуу соттун ачык болушун талап кылгандар митингге чыгышты.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Сүрөт: Митинг учурунда. 4-октябрь. ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты