Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар сотко алынып келинбей, процесс кийинкиге калтырылды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 18-октябрда, Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот процессине үй камагындагы айыпталуучулар, адвокаттар гана келген, камакта жаткандар алынып келинген эмес. Айыптоочу тарап, айыпталуучулардын бардыгы сотко катышышы керек деген негизде, процессти улантууга болбой турганын билдирди.   

Ошол себептүү сот процесси 25-октябрда улантыла турган болду.

Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган. Сот 4-октябрга жылдырылган. 4-октябрда да айыпталуучулар алынып келинбей, процесс өткөн эмес.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты