Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар сот залынан чыгарылды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 20-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум улантылды.

Айыпталуучулар кылмыш иши менен толук тааныша электигин билдиришти. Сот процесси ошол замат башталып кеткенине нааразы болушканда, сот айыпталуучуларды сот залынан чыгарып жиберди.   

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты