Кемпир-Абад иши: Сот абактагы айыпталуучуларсыз өтөт

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келген жок.

Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен. Бул мыйзамга каршы келет.

Мындан улам судьяга ишенбестик билдирилип, бирок өтүнүч кабыл алынган эмес.

Бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында Биринчи май райондук сотунун алдында Кемпир-Абад иши боюнча башталар алдында бул маселеге байланыштуу соттун ачык болушун талап кылгандар митингге чыгышты.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Сүрөт: Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачыктыгын талап кылган митингден. 4-октябрь, 2023. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты