Кемпир-Абад иши: Камактагылар Жогорку сот төрагасынын соттун создугушу боюнча айткандарына жооп берди

  • 5 месяцев мурун

Кемпир-Абад окуясы боюнча камакта жаткандар Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун “Азаттык” үналгысынын “Бийлик сырлары” берүүсүндө соттун создугушунун себептери тууралуу айткандары боюнча жооп берди.

Анда Жогорку соттун төрагасы “Кемпирабадчылар” сотко келбей”, “камерадан чыкпай коюшуп, атайылап сот процессин созуп жатышат деп элге жалган маалымат таратты”   деп эсептешет Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандар.

“Биз сиздин бул кадамыңызды сиздин жана судья Марат Сыдыковдун бийликтин буйругун аткарып, алардын көз каранды экендигиңерди жашырууга болгон аракетиңиз деп баалайбыз” дешти “кемпирабадчылар”.

Андан ары жоопто мындай деп белгиленет:

“Кемпирабадчылар” камерадан чыкпай койсо, сотко келбей койсо, №1 тергөө абагынын, конвой департаментинин кызматкерлери тарабынан акт түзүлөт, тергөө абагында дагы, сот залында дагы видео жазууга жазылат. Бул көрсөткүчөтр сиздин жалган маалымат таратып жатканыңызды бат эле далидеп коет.

«Кемпирабадчылар» бир да жолу камерадан чыкпай коюп, сотко келбей калган учуру болгон эмес. «Кемпирабадчылар» принципиалдуу түрдө судья Марат Сыдыковдон ачык сот өткөрүүнү талап кылып келебиз. Ушул маселе боюнча көп учурда талаш-тартыш жаралат.

Ачык сот өткөрүүнү, жасалма кылмыш иштин материалдары менен толук тааныштырууну талап кылган Бекназаров, Жээнбеков жана Бузурманкуловдун талаптарын шылтоо кылып, судья Сыдыков бардык «кемпирабадчыларды» сот залынан чыгарып таштаган.

Мыйзамга ылайык, судья сот залынан системалуу түрдө тартип бузган гана адамды чыгара алат. «Кемпирабадчылар» тартипти системалуу бузган эмес.

Кемпир-Абад иши өтө резонанстуу, урпактан-урпакка айтыла турган тарыхый, саясий иш. Башкы прокуратура бул иштин олуттуулугун жана судья Сыдыковдун чечиминин мыйзамсыз экенин түшүнүп, сотко ал чечимди жокко чыгаруу талабын берген. Судья Сыдыков өз чечимин жокко чыгара албай келет.

Ушул себептен Кемпир-Абад иши боюнча сот алты айдан бери өтпөй жатат” деп айтылат “кемпирабадчылар” берген жоопто.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө Кемпир-Абад ишине байланыштуу соттун кечигип жатышы тууралуу мыйндайча билдирген:  

“Сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү себепкер болууда. Мисалы, кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей коюуда. Мунун баарын прокуратура жакшы билет” деп айткан Базарбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты