Казакстанда баш-аламандыкта 225 киши каза тапканы айтылды

  • 2 года мурун

Казакcтандагы баш-аламандыкта 225 киши каза тапты. Бул тууралуу Казакстан башкы прокуратурасынын маалыматына таянып,  Tengrinews маалымат агенттиги билдирди.

Жабыркагандардын жалпы саны 4578 киши, анын ичинен 4353 киши жаракат алган, булардын ичинен 3393 киши — күч структураларынын кызматкерлери.

«Өзгөчө абал учурунда каза болгон 225 кишинин сөөгү моргго түшкөн. Алардын бир бөлүгү терактка катышкан куралданган бандиттер. Каза болгондордун арасында 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар. Тилекке каршы, тынч жарандар да терроризмдин курмандыктары болуп калды” деп айтты Казакстандын башкы прокуратурасынын кылмыш иштер кызматынын башчысы Серик Шалабаев.    

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды. 5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилди.

6-январга караган түнү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган   ОДКБ уюмунун аскерлери Казакстанга киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты