Кан тапшыруу борборлоруна 1200дөн ашык адам кайрылган   

  • 2 года мурун

Өлкөдөгү кан борборлоруна 1200дөн ашык адам ыктыярдуу кан тапшыруу үчүн кайрылган. 

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда канга болгон биринчи муктаждыктар канааттандырылды, мындан ары кан тапшыруу стратегиялык резервди толуктоого багытталат.

Баткен облусуна жеринде баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү эритроцит массасы жана жаңы тоңдурулган плазма, ошондой эле медициналык керектелүүчү материалдар, тест-системалар, реагенттер жана реактивдер жеткирилди.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты